Москвада "Романов Двор" бизнес борборундагы Wildberries кеңсесинин жанында атышуу болду. Окуянын кесепетинен бир адам каза болгонун "Интерфакс" өлкөнүн укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Дагы үчөө, анын ичинде эки полиция кызматкери жаракат алды. 30га жакын адам кармалып, милицияга жеткирилген.
Атышуу кечээ, 18-сентябрда түштөн кийин болгон. Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук анын күйөөсү Владислав жетектеген "адамдар тобу" компаниянын борбордогу бир нече кеңселерин басып алууга аракет кылганын айтты.
Жубайлардын ортосундагы жаңжал Wildberries менен тышкы жарнама оператору Russ июлда "РВБ" LLC биргелешкен ишканасын каттагандан кийин башталган. Владислав Бакальчук ("Wildberries" ЖЧКсынын 1 пайыз акциясына ээ) ага каршы чыгып, кырдаал боюнча Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго даттанган. Ал болуп жаткан окуяны "уятсыз рейдерлик басып алуу" деп атады. Татьяна Бакальчук бул версияны четке кагып, ажырашууга арыз берген.