Бишкек шаарынын тургуну SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы курулган фонтан тешилип, жерге суу жайылып жаткан видеосун жөнөткөн.
Анын айтымында, бийлик фонтанды эптеп эле куруп койгон.
"Түбү тешилип агып жатат. Кыскасы, эптеп эле курушуптур. Кайран акча", - деген ал видеодо.
Эске салсак, 21-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылып, жаңы фонтандар иштеп баштаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.