Кытайдын тышкы иштер министерлиги Израил менен курчуп бараткан конфликттин контекстинде Ливанды колдоо боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Нью-Йоркто Ливандын тышкы иштер министри Абдулла Бу Хабиб менен жолугушууда Пекин Израилдин агрессиясын айыптарын баса белгиледи.
"Кытай аймактагы акыркы окуяларга, айрыкча Ливандагы жакында болгон байланыш жардырууларына кылдат көз салууда жана карапайым калкка каршы басмырлоосуз кол салууларга чечкиндүү түрдө каршы турат", - деди кытай дипломаты.
Ван И ошондой эле учурдагы кырдаал Газадагы жаңжалдын кесепети экенин белгилеп, эки мамлекетти ок атышууну биротоло токтотуу, аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алууга чакырды.
Дүйшөмбү күнү Израил Ливандагы "Хезболланын" жүздөгөн буталарына абадан сокку уруп, кеминде 558 киши, анын ичинде 50 бала жана 94 аял набыт болуп, 1 645 киши жарадар болгонун Ливандын бийлиги билдирди. Миңдеген жайкын тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.