Ростов облусунда дрон чабуулунан кийин кампа өрттөнүп кетти

Орусиянын Ростов облусунун Таганрог өнөр жай зонасында дрон чабуулунан кийин жыгач кампасы күйүп кетти. Бул тууралуу облус губернатору Василий Голубев билдирди.

Анын айтымында, кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок, өрт 200 чарчы метр аянтты жалмады. Кол салуу учурунда имараттын чатыры жана жанындагы төрт унаа жабыркаган.

Эске салсак, август айында Ростов облусундагы Пролетарск жана Каменский райондорунда украин аскерлеринин чабуулунан кийин эки мунай базасы күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан