Миңдеген ливандыктар өлкөнүн түштүгүндөгү үйлөрүн таштап, Сирияга бет алышты. Ливанда каза болгондордун саны 500дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
24-сентябрда түштөн кийин Израил Бейрутка дагы бир аба соккусун жасады. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги дээрлик 560 киши набыт болгонун билдирди. Эки миңге жакын адам жаракат алган.
Маалымдалгандай, бул Израилдин 2006-жылы "Хезболла" менен 34 күндүк согушунан берки эң кандуу бомбалоосу.
Эске салсак, 23-сентябрда Израил Ливандагы "Хезболланын" жүздөгөн буталарына абадан сокку урган.