"Хезболланын" командири Ибрагим Кубейси Израилдин Бейрутка жасаган соккусунан каза болду

Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү Израилдин соккусу учурунда "Хезболланын" ракета командачысы Ибрагим Мухаммад Кубейси өлтүрүлгөнүн билдирди.

"Кечээ, 24-сентябрда Израилдин коргонуу күчтөрүнүн жетекчилиги астында Израилдин аба күчтөрү Бейруттун Дахия районуна сокку уруп, "Хезболланын" ракеталык күчтөрүнүн башчысы Ибрагим Мухаммад Кубейси жок кылынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Малыматта Кубейси "Хезболланын" ракеталык күчтөрүнүн башка командирлери менен бирге өлтүрүлгөнү айтылат.

Ага ылайык, Ливан Ибрагим Кубейсинин өлгөнүн тастыктаган. "Хезболланын" баяндамасында башка ракеталык бөлүмдөрдүн согушкерлеринин өлүмү тууралуу айтылган эмес.

Эске салсак, 23-сентябрда Израиль Ливандагы "Хезболланын" жүздөгөн буталарына абадан сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан