Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы өлкөдөгү эң ири титаномагнетит кени болгон Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун салууга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдагандай, Жапаров титаномагнетитти өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын белгиледи.
"Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титаномагнетит бар. Титан - медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет", - деди ал.
Ошондой эле өкмөт башчы титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын жана бул элементтер эл аралык коопсуздук талаптарын сактоо менен ташыларын кошумчалады.
Эске салсак, жыл башында өкмөт башчы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 миллиард долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин айткан.
Кийин президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчысы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.
Бул окуялардан кийин бийлик Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга койгон. Андан соң мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында кабыл алынган болчу. Документке өлкө башчы Садыр Жапаров 27-июнда кол койгон.
2019-жылдын жазында Кыргызстандагы "ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразычылык чыккан. Андан соң ошол эле жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.