Уран чуусу. Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш келе жатат

Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Таабалдиев билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында митинг өттү. "Митингдин катышуучулары жөө жүрүшкө тыюу салынганына карабай Бишкекти көздөй бет алышты. Алар Балыкчыдан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасамай болушту", - дейт Таабалдиев.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов билдиргендей, жөө жүрүш менен 2 миңге жакын адам келе жатат.

Балыкчы шаардык соту Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө тыюу салган.

Уранга каршылар Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
AIA-TOO
2019-04-29 13:03:26
Эркек экенсиңер, мен колдойм!
+10
Erik2018
2019-04-29 15:11:29
AIA-TOO,Уран токтотулса да ызы чуу алгандар эркек боло берсе кандай болуп калат? Өзү ишин жасап, бала-чакасын багып жаткандын баары катынбы анда? Логикана баракелде сенин! Аман бол!
-6
AIA-TOO
2019-04-29 16:14:23
Erik2018,Бийлик медиалардан "Токтоттук" деп коюп кайра эле казып жатканын өз көздөрү менен көрүп, анан айла жок чыгып жатышатта. Булардын деле башы бар, жумушу бар, жөндөн-жөн эле чыга бербейт. Сен эле эмессиң умныйлардан медиаларга ишениип эле үйдө отура бергендерден)).
+6
tuku
2019-04-29 13:12:22
Менда колдойм. Бир туугандар
+12
Nestana95
2019-04-29 13:43:23
Баляны баштадын бийлик,,,эл бир толкуса бат эле(((((((
+6
Time76
2019-04-29 14:38:33
Балыкчынын шаардык соту Бишкек-Балыкчы жөө жүрүшүнө кантип тыйуу салат, чоң жол Балыкчы шаарына карабаса.
+3
Jaznura
2019-04-29 15:09:36
Уран казуу токтоту деп расмий айтылды. Элге митингдин кереги жок. Жаз жарыш болуп турган убакта
+1
kanat_myrza
2019-04-29 16:28:24
Jaznura,токтолду деп коюп казып атышпайбы, башка фирманын лицензиясын алып коюп, кайра башка фирмага берип казып атышпайбы элди жинди ойлоп....
+2
Erik2018
2019-04-29 15:09:46
Уранды жаап салдыго эми булар кайда барат. Булардын артында баягы эле саясатчылар турат.Аларга саясий упай керек. Элге азыр тынчтык гана керек.
+2
Mamiev
2019-04-29 15:40:43
Азаматсыңар күч кубат берсин Кудайым. Алданбагыла акчага дагы ширин сөздөрүнө дагы
0
Take_men
2019-04-29 15:48:43
Уран казуу токтоду. Жөө келип эмне азап же акчанын күчү менен алга болуп жатасыңарбы? Бизге элдин тынччылыгы керек
-1
Aktan2018
2019-04-29 16:58:32
Take_men,сиз уран кенинен алыс жашайм деп ойлоп жатасыз го.
0
kanat_myrza
2019-04-29 16:31:24
Элге эч ким акча берген жок! уранды кайра казып иштетип атышат окшойт, тынч жаткан элди жон коюшпай атышпайбы бийлик, УРАНы жок эле жашайт элек!
эл и так эле оздорунун жанын оздору багып атканда...
+1
katerina.li
2019-04-29 17:16:51
Уранды кайда колдонот???
0
Avrora2017
2019-04-29 17:44:48
Уранды жаппай эле жашыруун казып атышатго, соттор жоо журушко тыю салганды коюп , уранды каздырганга тыю салгыла, силерда акчага сатылган сойкулардай болбой
+4
Aramisa
2019-04-29 19:08:12
Тынчылык болсун
+3
Meken28
2019-04-30 04:11:56
Rahmat eldin kelechegin oilop meeting ge chykkandarga,,biz bashka mamlekette kolubuzdan echnerse kebeit,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан