Бишкекте IV эл аралык республикалык Куран жарышы өтүүдө

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги «Имам Сарахсий» башкы мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу менен IV эл аралык Куран жарышы өтүп жатат. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпы 27 өлкөдөн келген карылар катышууда. Саамалыкты муфтийдин орун басары Мухаммад Аноркулов ачып, өз сөзүндө Куран жаттоонун жана Куранга ылайык жашоонун пазилеттери боюнча токтолуп, жалпы конкурсанттарга ийгиликтерди каалады.

Бүгүн башталган эл аралык Куран жарышы 27-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан