АКШда рэпер P.Diddy адам сатуу жана сексуалдык зордук-зомбулук үчүн кармалды

P.Diddy деген аты менен белгилүү Шон Комбс бир катар оор кылмыштарга, анын ичинде сексуалдык жана физикалык зомбулукка, адам сатууга жана сойкулукка азгырууга айыпталууда. Бул тууралуу Forbes журналы жазды.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, 54 жаштагы Комбс ондогон жылдар бою "Freak Offs" деп аталган чоңдордун кечелерин уюштуруп, анда катышуучуларга акча жана музыкалык келишим түзүп беребиз деп убадалап аларды басынтып келишкен.

Комбс өзүнүн Bad Boy Entertainment лейблин рэкетчилик, сойкулук менен алектенүү жана сот адилеттигине тоскоолдук кылуу үчүн колдонгон деп айыпталууда. Укук коргоо органдары анын үйүн тинтүү учурунда курал-жарак, баңгизат жана шектүү заттар, анын ичинде миңден ашык балдардын жана сүйкөөчү майлар табылган.

50дөн ашык күбө көрсөтмө берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан