Жаңы Ак үйдө майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйыны өттү

Президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, кеңешти министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алып барды.

Атайын конок БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс болду.

Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, реабилитациялык борборлорду өнүктүрүү, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана интеграциялоого багытталган социалдык долбоорлорго байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда иш-чаранын катышуучуларына «Ынтымак-Ордо» имаратына экскурсия уюштурулду. Анда ден соолугунан майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, анын ичинде пандустар, лифттер, кенен эшиктер жана тоскоолдуксуз кире бериштер көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан