Израил Газа тилкесиндеги аскерий чабуул маалында каза болгон 88 палестиналыктын сөөктөрү салынган контейнерди Газанын түштүгүнө жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Тель-Авив каза болгондордун өздүгү жана алар өлтүрүлгөн жерлер тууралуу толук маалымат бермейинче сөөктөрдү көмүүдөн баш тартты.
Газа бийлиги 88 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берүүнү айыптады. Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесин жетектеген Исмаил ат-Тавабте Израилдин аракеттерин "эл аралык укукту жана гуманитардык мыйзамдарды бузган коркунучтуу кылмыш" деп айыптады.
"Алар шейиттердин кадыр-баркына шек келтирип, текебер жана кемсинтүүчү түрдө тапшырды. Бул адамгерчиликсиз иш", - деди чиновник.
Газа бийлиги Тель-Авивден өздүгүн аныктоо процедурасын жүргүзүүнү жана набыт болгондор тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, тилкенин каза болгон тургундарынын сөөгү салынган контейнерди Израилге кайтарууну чечти.
Израил Газага каршы ырайымсыз чабуулун улантууда. Дээрлик 12 айга созулган басып алуу учурунда сектордо 41 миң 500дөн ашуун киши каза болуп, 96 миңден ашууну жарадар болгон.