Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев камакка алынды

Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун учурунда президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген Алмамбет Салиев камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалымдалгандай, райондук сот 26-сентябрда аны УКМКнын тергөө абагына 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.

Эске салсак, Салиев 2021-жылы 16-июнда УКМК тарабынан "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кармалган. Ошол жылдын декабрь айында ал эч жакка чыкпоо тил катты менен үй камагына чыгарылган.

Салиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына 2017-жылдын декабрь айында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгынын негизинде дайындалган. 2020-жылдын 20-октябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Ал экинчи класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан