Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталинов сотторго кайрылуу жолдоп, камакта жаткан журналист кыздарды абактан бошотууну суранды.
Анын айтымында, ал жердеги шарттар аял кишинин ден сооолугуна чоң залакасын тийгизет.
“Азыр журналисттердин камоо мөөнөтүн дагы жылдырды. Ал жакта 20 жаштагы менин неберем менен тең кыз бар жана дагы бир журналист Болот Темировдун жубайы бар. Аял кишинин сөзүнө терикпегиле. Эгер мен аялымдын айткан сөзүнө капалансам, 40 жылда 40 жолу ажырашмакмын. Соттор абактагы журналист кыздарды кечирип, бошоткула. Ал жайдагы шарттар айымдардын ден соолугуна залакасын тийгизет. Алар келечекте эне болуп, кыргыздын тукумун улаш керек”, - деди Суталинов.
Ошондой эле өз сөзүндө Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштерин алкап, мурунку президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө да кайрылуусуна кошо кеткен.
Эске салсак, ушул жылдын 16-январында "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү кармалган. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган. Учурда тергөө абагында төрт журналист – Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева отурат.
11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат. 3-октябрда аларга карата чечим чыгышы күтүлүүдө.