Эртең, 29-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +16 ... +21;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +9 ... +11, күндүз +24 ... +26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +13 ... +15;
Нарын дубанында түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +14 ... +16;
Бишкекте түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +18 ... +20 градус жылуу болот.