Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында 12 жылдан бери бүтпөй келген мектептин курулуш иштери жанданды. Бул туурасында мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, мектеп декабрь айында ишке берилет.
"Мектептин абалы 12 жылдан бери начарлап кеткен. Дубалдары эле калган, чатырынан суу түшүп, убакыт өткөн сайын бардык элементтери жараксыз абалга келип калган. Бул нерселерин кайрадан жандандырып калыбына келтиребиз" деп жазды Орунтаев.