Бүгүн, 1-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда кыргыз - француз кызматташтыгынын келечек мамилелерин өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюунун тегерегиндеги маселелерди талкуулашты.
"Кыргызстанда тоо куткаруу иштерин жүргүзүүдө тик учак учкучтарын кесипкөйлүккө даярдоо жана ӨКМдин өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарына адистерди тартуунун келечеги тууралуу маселелерге токтолушту", - деп айтылат маалыматта.