Жапон императору өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Жапониянын императору Нарухито премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сигеру Исиба баштаган өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Бекитүү аземи Токиодогу император сарайында өткөндүгүн чет элдик басылмалар жазышты.

Өкмөттүн жаңы курамын буга чейин кызматын сактап калган министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсима Хаяси жарыялаган. Жапон Тышкы иштер министрлигинин башчысы мурдагы коргоо министри Такэси Ивая болду. Жаңы коргоо министри болуп Гэн Накатани дайындалган. Ал 2014-2016-жылдары ведомствонун башчысы болуп иштеген.

Жапон басылмалары жаңы өкмөт башчысы коомчулуктун саясатка болгон ишеними кетип, экономикалык туруксуздук пайда болуп, коопсуздук маселеси орчундуу болуп турган учурда келгендигин айтышууда. Бул жагдайда Исиба өзүнүн тарапташтарына эки министрликти ишенип тапшырганы, маселелерди чечүүдө чоң жардам берет деп кошумчалашкан.

9-октябрда Япония парламентинин төмөнкү палатасы таркатылып, 27 — октябрда мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-октябрда премьер-министр Фумио Кисида баштаган жапон өкмөтү кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан