"Бишкекжарык" ишканасы Кут айылына көчө жарыктарын орнотуу боюнча долбоорду аяктады. Буга чейин бул көчөдө жарык болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымадалгандай, аталган конуштун көчөсүндө кубаттуулугу 50 ватт болгон 198 жарык чырактары орнотулду.
"Туруктуу электр менен камсыздоо үчүн 6800 метр өзүн-өзү колдогон физоляцияланган зым (СИП) да тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Бул долбоор шаардыктардын жашоо ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча программанын бир бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, ишкана ар жума сайын 1-көчөнү жарыктандырууну пландаган.