Бүгүн, 2-октябрда Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев "Нарын" аэропортунун учуп-конуу тилкесиндеги асфальт төшөө иштерин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сыргабаев иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу, талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.
Мындан тышкары министр Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнө асфальт басуу жумуштарын тездетүү керектигин эскертти.