Санкт-Петербургдагы "Сенный" базарында жана Апраксин короосунда жүргүзүлгөн профилактикалык рейдден кийин Орусиянын жарандыгын алып, бирок аскердик каттоодо турбаган 150дөн ашык мигранттар аскер комиссариатына жеткирилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Иш-чараны Орусиянын аскердик тергөө органдары, аскер полициясы, Ленинград аскер округунун өкүлдөрү менен биргеликте Орусиянын Гвардиясынын башкы башкармалыгынын күч колдоосунда уюштурган.
"Бул иш-чаралардын жүрүшүндө "Сенной" базарынын жана Апраксин короосунда 600дөн ашык жаран текшерилип, анын ичинен Орусиянын жарандыгын алган 150дөн ашуун адам военкоматка каттоого алынган", - деп билдирген "РИА Новости" басылмасы.