"Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Айдоочуларда милдеттүү түрдө "D" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болуусу шарт.
Белгилей кетсек, ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Мындан тышкары жогорку билими бар экономист талап кылынат.
"Урматтуу талапкерлер! Кеңири маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.