Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин планы Газа тилкеси, Батыш жээк жана Ливан менен эле чектелбестигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, ал Газа жана Ливандан кийин Израилдин чабуулдарынын кезектеги бутасы “түрк жерлери” болушу ыктымалдыгын билдирди.
"Алар түз эле Түркияга каршы чыгуу үчүн жарышка киришүүдө. Муну биз жакшы билебиз. Израилдин азыркы бийлиги өзүнүн чыныгы ниетин жасаган ар бир билдирүүсү жана көрсөткөн ар бир картасы менен ачыкка чыгарууда", - деди түрк лидери.