Казакстанда эртең АЭС куруу боюнча референдум өтөт

Бүгүн, 5-октябрда Казакстанда Атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселесине байланыштуу өтө турган референдум алдындагы "жымжырттык күнү".

Аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, атомдук электр станциясы боюнча референдумдун үгүт иштери 3-сентябрда башталган. Ал эми 4-октябрда аяктады. Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. Бюллетенде жооптун эки варианты болот: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген.

Референдум эртең, 6-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө башталып, 20:00гө чейин болот. Жалпысынан 10 миң 323 добуш берүү тилкеси иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан