Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курулууда. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Ысык-Көл районунун Тамчы айылына Мамкурулуш тарабанынан Royalsafa уюмунун демөөрчүлүгү менен 5 турак үйдүн курулушу башталды.
Эске салсак, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынган.