Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, учактын алгачкы каттамын Баткен облусунун жергиликтүү жетекчилери салтанаттуу тосуп алышты.
Жаңы учак 80 жүргүнчү менен учту.
Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак 4-октябрдан тарта Баткен облусуна уча баштады.
"Мындан ары жуманын ар шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт", - деп айтылат маалыматта.