Индиялык Канябойин Судахкар аттуу адам өзгөчө унаалардын эң чоң коллекциясы үчүн Гиннесстин рекорддор китебине таанылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын коллекциясы Хайдарабаддагы Sudha Cars музейинде өзү жасаган 57 уникалдуу унаадан турат. Бул музей 2010-жылы негизделген жана сумка, бут кийим жана ал тургай тамак-аш сыяктуу ар кандай буюмдардан шыктанган искусство чыгармалары болгон укмуштуудай унаалары менен белгилүү.
Судахар 14 жашында темир калдыктарынан тетиктерди колдонуп, унааларды жасай баштаган. Анын биринчи эмгеги 2005-жылы эң чоң үч дөңгөлөктүү велосипед боюнча рекорд койгон. Азыр анын музейинде автоунаалар гана эмес, бийиктиги болгону 33 сантиметрлик эң кичинекей мотоциклдер да бар.
Музей ошондой эле ар бир экспонат унаанын өзгөчөлүктөрүн жана аны түзүүгө кеткен убакытты көрсөткөн маалымат тактасы менен коштолгондугу үчүн өзгөчөлөнөт.