Казакстанда атомдук станция куруу (АЭС) боюнча республикалык референдумга добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 12 224 683 жаранды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Константин Петров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Айтымында, референдум эртең, 6-октябрда саат 7:00дө башталып, саат 20:00гө (жергиликтүү убакыт боюнча) чейин өтөт.
“Эртең, 6-октябрда жалпы 10 миң 323 референдум тилкеси иштейт. Ал эми 59 өлкөдө 74 добуш берүү тилкеси ачылды” деп билдирди Петров.
Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. Бюллетенде жооптун эки варианты болот: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген. Бюллетень эки тилде: расмий жана мамлекеттик тилде даярдалган.