Кыргыз эл артисти Бек Борбиев социалдык тармактарда талкуу жаратып жаткан видео боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Ал окуянын чоо-жайын төмөндөгүдөй түшүндүрүп өткөн:
"Бул окуя 3- октябрда Жалал-Абад шаарындагы ресторандардын биринде болгон. Мугалимдердин күнүнө арналган кече болчу. Кечки саат 22:30 болуп калган, бий учуру экен. Мени чакырган соң кирип ырдай баштадым. Сахнасы өтө бийик эмес, үч эле тепкич. Биринчи ырымда эле сүрөткө түшүү башталды. Эми түшүнөм аябай майрамдап алгандары кучактап, колтуктап колдон тартып, белден тартып… Биринчи ырды араң ырдап бүтүп "мындай кылганыңар болбойт эжелер, өзүңөр тартипти талап кылып жүргөн мугалим болсоңуздар, бул жерден өзүңүздөр бузуп жатасыздар. Сүрөткө түшсөңөр ылдыйкы тепкичтен түшкүлө, мага тоскоолдук кылбагыла" деп сурандым. Экинчи ырды ырдап атканда жанагы эже жаныма келип туруп алды. Сүрөткө деле эч кимди тарт деген жок. Мен ырымды токтотуп, түшүңүз деп принципиалдуу түрдө сурандым", - деди ал.
Ошондой эле Бек Борбиев сахнага бир гана колунда гүлү бар көрүүчүлөр чыга ала тургандыгын айткан.
"Сахна биздин жумуш ордубуз. Ал жакка көрүүчүлөр ыр бүткөндө гана чыкканга акысы бар. Ошондо да колунда гүл болсо. Ал эми кат берүү, сүрөткө түшүү жана башка маселелер сахнадан сырткары болуш керек. Мен ар дайым концерттеримде суранам, артистерге тоскоол болбогула, бул биздин жумуш деп. Тойлордо дагы мындай нерсе болбосун деп, айтып келгем. Бул көрүнүш алыста отуруп көрүп, ыр угуп аткандарга да тоскоолдук. Дегеле чет жактан келгендерге өөн көрүнөт. Артист сахнада иштеп атканда ким болсо да, мугалимби, депутатпы, же ичип алган фанатпы, эч кимдин сахнага чыкканга акысы жок. Бул ырчыга болгон сый жана сахна маданияты.
Ошондой эле бүгүн жүздөгөн хейт комментарий жазгандарды блоктодум", - деп кошумчалаган ырчы социалдык баракчасында.
Буга чейин социалдык тармактарда Бек Борбиевдин тойканалардын биринде ырдап жаткан учурда сүрөткө түшөм деп келген аялды түртүп, урушуп салган видеосу тараган болчу.