Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда атомдук станция куруу (АЭС) боюнча республикалык референдум башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 7:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) аймактардагы 10 249 референдум тилкелеринде добуш берүү старт алды. Ал эми 84 участокто (аскердик бөлүктөрдө) добуш берүү саат 6:00дө башталган.
Добуш берүү тизмесине жалпы 12 224 683 жаран киргизилген. Ошондой эле 59 өлкөдө 74 добуш берүү тилкеси ачылган.
БШКнын төрагасынын орун басары Константин Петровдун айтымында, республикалык референдум жөнүндө мыйзамга ылайык, добуш берүүгө укугу бар казакстандыктардын жарымынан көбү катышууга тийиш. Анда референдум өткөн болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлган. Бюллетенде жооптун эки варианты болот: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген.