Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин Ички аскерлерине жана Баткен ОИИБге тиешелүү жаңы курулган 6 имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Алар айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн 2, милициянын аймактык пункттарынын 3 жана Ички аскерлердин бөлүгүнүн бир имараты.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков башган бир катар жетекчилер, милиция кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.