Бүгүн, 6-октябрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ош облусундагы Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, милиция кызматкерлеринин ишине бардык шарттары түзүлгөн жаңы имараттын ачылыш аземинде министр жергиликтүү эл менен жолугуп, кабар алды.
Иш-чарага анын орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов жана милиция кызматкерлери катышты.