Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу Африкага барды.
Ал кезектеги кайрымдуулугу тууралуу видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда Африкада кудуктан суу чыгартып, мечит жана мектеп курдурганын көрүүгө болот.
Ал жердеги белектерди алган бөбөктөр кубанычы коюнуна батпай сүйүнүшкөн.