Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда өтүп жаткан атомдук электр станция (АЭС) куруу маселеси боюнча референдумда 7 миллион 62 миң 358 жаран (жергиликтүү убакыт боюнча 16:00гө карата) добуш берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 57,68 пайызы добуш берүүгө катышты. Референдумга 177 эл аралык байкоочу көз салууда.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (СВМДА) башкы катчысынын орун басары Чжан Лин референдум стабилдүү жана бардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатканын белгиледи.
Казакстан БШКсынын маалыматы боюнча жалпы 10 323 референдум тилкеси ачылган. Анын ичинде 59 өлкөдө 74ү жайгашкан. Добуш берүүчүлөрдүн саны 12 миллион 244 миң 683тү түзөт.
Эске салсак, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлду. Бюллетенде жооптун эки варианты бар: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген.