7-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;
Нарын дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус болот.