БШКнын өкүлдөрү Казакстандагы АЭС боюнча референдумда байкоочу болушту

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Казакстандагы атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу республикалык референдумга байкоо жүргүзүүгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда БШКдан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, КМШ жана ШКУнун байкоочу миссияларында кыргыз делегациясын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев жетектөөдө.

"Республикалык референдумду өткөрүү 246 аймактык жана 10327 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан ишке ашырылды. Референдумга байкоо жүргүзүү үчүн 30 өлкөдөн жана 4 эл аралык уюмдан 170тен ашык эл аралык байкоочулар аккредитацияланган" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлду. Референдум бүгүн, 6-октябрда саат 7:00дө башталып, добуш берүү саат 20:00дө аяктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 20:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн 63,87 пайызы (7 820 918) добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан