Ирандын КСИР атайын күчтөрүнүн командачысы Израилдин аба соккусунан кийин байланышын жоготту

Чет элдик басылмалар Жакынкы Чыгышта "америкалыктардын жансыз денелерин көрөм" деп убада берген ирандык генерал Израилдин аба соккусунан каза болушу мүмкүн экендигин жазышууда.

Ирандын элиталык "Кудс" атайын күчтөрүнүн башчысы, бригадалык генерал Эсмаил Каани Израилдин жума күнү Ливандагы чабуулунан кийин байланышты токтоткон.

Кээ бир араб жана израилдик маалымат каражаттары анын каза болгонун жазышса, башкалары жаракат алганын жазышууда.

Ирандын Ислам революциясынын коргонуу корпусунун атын атабаган мүчөлөрүнүн айтымында, Каанини акыркы жолу Бейрутта көрүшкөн. Ал Израилдин бир катар чабуулдарынан кийин "Хезболланын" кайра топтолушуна жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан