Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарындагы Бабур театрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара болуп өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген агартуучулар Ош шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланды.
Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары жана мектеп мугалимдеринин арасында “Ыр кесе” концерттик программасы тартууланды.
Иш-чарага мэрдин орун басары, шаардык билим берүү мекеме-уюмдарынын жетекчилери, мугалимдери катышышкан.