Москвада 11 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды

Москва шаарынын четиндеги трассада төрт жүк ташуучу жана жети жеңил унаа кагылышты. Ири жол кырсыгы тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, жол кырсыгы Серпухов шаардык аймагындагы жолдун 103-чакырымында болгон. Жүк ташуучу унаа үч жүк ташуучу жана жети жеңил унааны ала салып кеткен. Анын айдоочусу жеринде каза тапкан.

Мындан тышкары 2 адам каза болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирлиген.

Учурда убактылуу жол жабык экендигин тийиштүү кызматтар белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан