Кытай Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен өзгөчө куттуктап, дрон шоу уюштурду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, иш-чара Гуанчжоу шаарында уюштурулган.
Ондогон учкучсуз учактар Гуандун провинциясынын үстүнөн учуп, орус лидеринин сүрөтүнүн элесин калтырып, жанына “Туулган күнүң менен, президент мырза» (“Happy Birthday, Mr. President” ) деген жазуусун тартышкан.
Белгилей кетсек, 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин 72 жашка толду. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Путин туулган күнүн жумуш ордунда өткөрөрүн айтып берген.