"Менин уулум монстр эмес". P.Diddy'нин апасы уулунун камалышы боюнча билдирүү жасады

P.Diddy апасы Женис Смоллс Комбс зомбулукка жана адам сатууга айыпталган уулун жактады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Комбс P.Diddy чындыкты айтканы үчүн эмес, "жалгандан куралган окуя" үчүн соттолуп жатканына жүрөгү ооруп жатканын айткан. Ал күнөөсү далилдене электе уулу эл алдында караланып жатканын көрүү оор болуп жатканын билдирген.

"Кээде чындык менен калп бири-бири менен тыгыз чырмалышкандыктан, окуянын жок дегенде бир бөлүгүн моюнга алуу коркунучтуу болуп калат, айрыкча бул чындык нормадан ашса, же ишенерлик эмес болсо", - деген рэпердин апасы.

Комбс уулу дайыма эле чынчыл боло бербегенин моюнуна алды, айрыкча мурдагы сүйлөшкөн кызы Кэсси Вентура менен болгон окуяда Пи Дидди 2016-жылдын март айында Лос-Анжелестеги мейманканада физикалык зомбулук көрсөткөнү камерага түшүп калган. Апасы бул окуя анын "күнөөсүн моюнуна алуу" деп чечим чыкканын айткан.

Ырчынын апасы уулунун айыптоочулары адилеттикти эмес, каржылык пайда көрүүнү көздөп жатат деп ишенет. Ал коомчулуктан P.Diddy'нин тарабын укмайынча соттобоону суранды.

"Менин уулум, баары айтып жаткандай, монстр эмес. Анын да өз оюн айтууга укугу бар. Мен анын чындыкты айтып, акталуусун көрүш үчүн Кудайдан суранам", - деди Комбс.

Эске салсак, P.Diddy деген аты менен белгилүү Шон Комбс буга чейин бир катар оор кылмыштарга, анын ичинде сексуалдык жана физикалык зомбулукка, адам сатууга жана сойкулукка азгырууга айыпталып кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан