Казакстанда 16 жаштагы Шерзат Болат аттуу өспүрүмдү өзүнөн улуу балдар ичимдик үчүн өлтүрүп кетишкендиги айтылууда. Бул каргашалуу окуя туурасында казак басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, окуя 4-октябрда Талгар шаарында орун алган.
Басылмаларга жакындарынын берген маалыматы боюнча, кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн сприт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар тааныштарын чакырышкан. Алар эки унаа менен 13 адам болуп келишкен. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Окуядагы күбөлөрдүн айтымында мушташка келгендердин баары куралчан болушкан. Алардын экөө өспүрүмгө кол салуу болуп жаткан учурда апасын кармап турган. Чоң энесин да түртүп жиберген.
Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын айткан. Ал эми иштин тергөөсүн Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов жеке көзөмөлүнө алгандыгы кошумчаланган.
Чуулгандуу окуядан кийин каза болгон өспүрүмдүн жакындары Талгардагы негизги көчөлөрдү жаап, митинг уюштурган. Ошондой эле казак парламентинде маселе көтөрүлдү.