Газа тилкесинде каза болгондордун саны 42 миңден ашкандыгы айтылууда

Израилдин кол салуусунан Газа тилкесинде набыт болгон палестиналыктардын саны 42 миңге жетип, 100 миңге жакыны жарадар болгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип жазышты.

Маалымдалгандай, акыркы 24 сааттын ичинде эле Израилдин аткылоосунан 45 палестиналык каза болуп, жарадар алгандардын саны 130га жеткен.

Анклавдагы салгылашуулар 2023-жылдын октябрынан бери уланып келет.

Бүгүн, 9-октябрда палестиналык “Фатх” жана “Хамас” кыймылдарынын өкүлдөрү Газа тилкесин башкаруу комитетин түзүүнү макулдашты.

Бир күн мурда маалымат каражаттары “Хамастын” акыркы эки аптадан бери өлдү деп эсептелген башчысы Яхья Синвардын тирүү болушу мүмкүн экенин жазышкан. Мунун фонунда Израил барымтадагыларды бошотуу үчүн дагы бир жолу Яхья Синварга жана Хамастын башка лидерлерине Газадан Суданга кетүүнү сунуштоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан