Флоридага 100 жыл мурун катталган эң күчтүү бороон-чапкын жакындап келгендиги айттылды

АКШнын Флорида штатына “Милтон” бороону жакындап келе жаткандыгы айтылды. Ал акыркы 100 жыл аралыгындагы эң күчтүү бороон-чапкын экендигин өлкөнүн башчысы Жо Байден билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Ак үйдүн басма сөз кызматы бороондон улам президенттин Германия менен Анголуга боло турган иш сапары жылдырылганын жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү күчөгөн бороон, Флориданын калкы жыш жайгашкан батыш тарабына коркунуч туудурары айтылды. Ал жерди эки жума мурун "Хелена" ураганы каптаган болчу.

“Милтон” чоң кыйроого алып келүүчү эң күчтүү бороон экендигин АКШнын урагандарды көзөмөлдөөчү улуттук борбор билдирген. Ал Флоридада 1921-жылы катталганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан