Баш байге автоунаа. Баткендин 25 жылдыгына карата кыргыз күрөш боюнча мелдеш өтөт

Баткенде улуттук кыргыз күрөш боюнча мелдеш өтөт. Анын баш байгеси автонуу экендигин бүгүн, 9-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.
"70, 80, +85 килограммдык салмактагы балбандар үчүн, баш байге автоунаа. Мындан сырткары муздаткычтар, сыналгылар, тайлар коюлган. Жаш өспүрүмдөр үчүн уюштурулган күрөштүн жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле өкүлчүктүн диплом, медалдары ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, күрөш 13-октябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт. Таразага түшүү убактысы 8:30- 9:30. Мелдештин башталышы 10:00.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан