Түрк учагынын учкучу АКШдан Стамбулга учуп бара жатып каза болгондугу айтылды

Бүгүн, 9-октябрда түрк аба жолдорунун учкучу Дистрикхин Пехливан АКШнын Сиэтл шаарынан Стамбулга учуп бара жатып каза болду. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз катчысы Яхья Устюн билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Airbus 350 учагынын 59 жаштагы капитанынын ден соолугунда эч кандай көйгөй болгон эмес жана аны дарыгерлер такай текшерип турган. Бирок белгисиз себептерден улам учак абага көтөрүлгөндө ээсин жоготкон.

Ага экипаж мүчөлөрү биринчи жардам көрсөтүп, экинчи учкуч учакты тез арада Нью-Йорк шаарынын аэропортуна кондурган. Бирок борттун капитанынын өмүрүн сактап калууга жетишишкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан