Түндүк Корея Түштүк Корея менен болгон автожолдорду жана темир жолдорду жаап, чек араны чепке айлантат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Түндүк Кореянын бийлиги Түштүк Корея менен чектеш чек араны "түбөлүк жабуу жана тосуу" чечими өзүн-өзү коргоонун, согушту алдын алуунун жана коопсуздукту камсыз кылуунун зарыл чарасы экенин белгилеген.
9-октябрда Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Ассамблеясынын 14-созывынын 11-сессиясында Но Гван Чхоль жаңы коргоо министри болуп дайындалган.
Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эгер Түштүк Корея менен АКШ тараптан өлкө эгемендигин бузуу аракети болсо, анда Пхеньян чабуулчу куралдын бардык түрүн колдонууга даяр экенин билдирген.