9-октябрда АКШнын Флорида штатында болгон Милтон бороонунан жабыр тарткан Кыргыз жарандары катталган жок. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 11-октябрда билдирди.
Маалыматка таянсак, Милтон бороону кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.
Маалыматтар боюнча, Флорида штатында жашаган Кыргыз жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн Кыргыз жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.
АКШда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.
Белгилей кетсек, АКШнын Флорида штатында 9-октябрда катталган Милтон бороонунан 100дөн ашуун үй кыйраган. Бороон келгенге чейин Флорида бийлиги 5,5 миллион адамды эвакуациялоого чакырып, жарандар коопсуз аймакка 7-октябрдан баштап кете баштаган.