Флориданы каптаган Милтон бороону өз күчүн жогото баштаганы маалым болду

АКШнын улуттук урагандарды көзөмөлдөө борбору Флорида штатын каптаган "Милтон" бороону 5 баллдык шкаладан биринчи категорияга чейин түшүп, алсыраганын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Саффир-Симпсон шкаласы боюнча, 1-категориядагы бороондун максималдуу ылдамдыгы саатына 119 чакырымдан 153кө чейин аныкталат. Борбордун маалыматы боюнча, бороон Флориадан өткөн соң өз күчүн жогото баштайт.

Бороон келгенге чейин Флорида бийлиги 5,5 миллион адамды эвакуациялоого чакырып, жарандар коопсуз аймакка 7-октябрдан баштап кете баштаган. Флорида штатынын Тампа шаарынын мэри Жейн Кастор бул бороон чоң кырсык алып келе тургандыгын билдирип, тургундарды турак жайларында калбоого чакырган.

Маалыматта кошумчалангандай, 9-октябрда Милтон бороону АКШнын айрым аймактарын каптап, 5-категорияга чейин күчөгөн. Башкача айтканда, шамалдын ылдамдыгы саатына 252 чакырымдан ашкан. Кеминде эки адам каза болуп, 100дөн ашуун үй кыйраган. Жалпы эсеп менен 1,6 миллион керектөөчү жарыксыз калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан