Грепплинг боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт депатратментинин маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалымдалгандай, кыргыз курамасы Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль жеңип алышты. Спортчулар алты алтын, бир күмүш, жети коло медаль тагынышкан.
Эске салсак, чемпионат 7-октябрда башталып, 12-октябрда жыйынтыкталат. Оюндар өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында Ги менен НоГи түрлөрү боюнча өтүүдө.